28.05.2019 14:01

Нурбек Токтакунов: Тарых музейи жана ат майдан боюнча ачылган ишти териштирүү мыйзам  бузуулар менен башталды

Нурбек Токтакунов: Тарых музейи жана ат майдан боюнча ачылган ишти териштирүү мыйзам  бузуулар менен башталды

Тарых музейи жана ат майдан боюнча Сапар Исаков менен Мира Карыбаевага карата ачылган кылмыш ишин териштирүү одоно мыйзам  бузуулар менен башталды. Мындай нааразычылыгы менен Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов социалдык тармактагы баракчасында бөлүштү.

Анын айтымында, аталган кылмыш ишинде жактоочу катары иш алып барат. Бирок, ага алгачкы соттук отурум бүгүнкүгө белгиленгенин эч ким кабарлаган эмес.  

«Кокусунан эле үчүнчү жактардан судья Эрнис уулу Айбек бүгүн саат 16:00дө Биринчи Май райсотунда алдын-ала угууларды белгилегенин билип калдым. Ал иште Сапар Исаковдун жактоочусу мен экеним түшүнүктүү  болуп турат. Мыйзам боюнча алдын-ала угуу өтөөрү тууралуу мага 3 сутка мурун  кабар бериш керек эле.

Андан тышкары, мен прокурордон айыптоо актысын бекитүү жана иштин сотко жөнөтүлгөнү тууралуу билдирме алган эмесмин. Мыйзамда болсо, «Прокурор бекитилген айыптоочу актты тиркеп, ишти сотко жөнөтөт, ошол эле убакта бул туурасында айыпталуучуга, жактоочусуна, жабырлануучуга жана анын өкүлүнө кабар берет» деп жазылган.

Менин шериктерим кечээ Тергөө изоляторунда болуп, Сапар Исаковдон алдын-ала угуулар өтөөрү тууралуу билдирүү келген-келбегенин такташкан. Ал келбегенин билдирген. Ал гана эмес, мен жекшемби күнү сот Эрнис уулу Айбекти көргөм, ал мага эч нерсе айткан эмес.  

Текебаевди далилсиз кесип жиберген сот Эрнис уулу Айбек эми Исаков менен Карыбаеваны да далилсиз айыптоого камынууда, келечекте азыркы бийликтин жооптуу  кызматтагы адамдарын дагы ушинтип далилсиз айыптап калышы толук мүмкүн», -деп жазат Нурбек Токтакунов.